YANDEX GO PRIVACY NOTICE

Please select a relevant country.

ЯНДЕКС GO КЫЗМАТЫНЫН

КУПУЯЛЫК ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРҮҮСҮ

 

Биздин мобилдик жана веб-колдонмобуз (мындан ары "колдонмо" термини экөөнү тең билдирет) сизге өнөктөштөрүбүздөн же компанияларыбыздан ташуу жана жеткирүү кызматтарына буйрутма берүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Яндекс Go колдонмосу дүйнө жүзү боюнча бөлүмдөрү жана Нидерландияда жайгашкан башкы кеңсеси мене эл аралык IT компаниясы тарабынан иштелип чыккан.

 

1. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРЫҢЫЗДЫ КИМ ИШТЕТЕТ?

1. Сиздин жеке маалыматтарыңыз сиздин өлкөдө кызмат көрсөткөн компания тарабынан иштетилет:

Колдонмо Өлкө Компания Дарек
Яндекс Go Беларусь Uber ML B.V. Schiphol Boulevard 291, 1118 BH Schiphol, Netherlands
Молдова Ridetech International B.V. Schiphol Boulevard 291, 1118 BH Schiphol, Netherlands
Өзбекстан
Грузия
Литва
Кыргызстан

Яндекс.Такси Корп ЖЧК

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бул., 58А

Сербия RideTechnology Global FZ-LLC 104A, First floor, Bld. 12, Dubai Internet City, Emirate of Dubai, the UAE
Армения ООО «Яндекс.Такси ЭйЭм» Республика Армения, Ереван, проспект Аршакуняц 49, № 22
Казакстан ТОО «Яндекс.Такси Корп» Республика Казахстан, 50040, город Алматы, Бостандыкский район, улица Тимирязева, дом 28в

Бул компаниялар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, "көзөмөлдөөчүлөр" катары иш алып барат. Көзөмөлдөөчүлөр жеке маалыматтарды иштетүүнүн максаттарын жана каражаттарын аныктайт.

Эгер сиз Россия Федерациясында турсаңыз, анда сиздин маалыматтарыңыз Купуялык саясатына ылайык “Яндекс.Такси” ЖЧК (маалымат оператору) тарабынан иштетилет - https://yandex.ru/legal/confidential.

2. Биздин колдонмо бирдиктүү аутентификация куралын колдонот. Катталгандан кийин, сиз биздин колдонмону биз тараткан ар бир өлкөдө колдоно аласыз. Сиздин жеке маалыматтарыңыз биз тараткан башка колдонмолор менен, сиз башка колдонмолорду колдоно баштаганга чейин бөлүшүлбөйт.

 

2. КАНДАЙ ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАР, КАНТИП ЖАНА ЭМНЕ ҮЧҮН ИШТЕТИЛЕТ?

1. Биз тарабынан иштелүүчү маалыматтардын категориялары, маалымат булагы жана иштетүү максаттары:

Булак Маалыматтар Максаттар
Сиз түздөн-түз бизге бересиз

Аты

Телефон номери

Сизди биздин пайдалануучу катары идентификациялоо жана буйрутмаңызга байланыштуу сиз менен өз ара аракеттешүү үчүн
Даректер Аймагыңызда буйрутма берүү, сатып алуу жана жеткирүү, ошондой эле буйрутмаңызды иштеп чыгуу жана аткаруу үчүн жеткиликтүү кызматтарды же товарларды көрсөтүү үчүн
Клиенттин комментарийлери Сиздин артык көрүүңүзгө ылайык буйрутмаңызды иштеп чыгуу жана аткаруу
Банк реквизиттери Төлөмүңүздү өткөрүү үчүн

Электрондук почтанын дареги

Телефон номери

Сизге буйрутмаларыңыз тууралуу кызмат маалыматын жана эгер сиз буга макул болсоңуз, жарнамалык кабарларды жөнөтүү үчүн
Толтурулган бланкылар Сизге кайра байланышты жана атайын сунуштарды берүү, клиенттерди колдоо сурамыңызды иштеп чыгуу, жарнамаларга же башка иш-чараларга катышууңузду уюштуруу үчүн
Биз сиздин түзмөгүңүздөн жана биздин колдонмодон алабыз IP дареги; түзмөк идентификатору, түрү жана модели; мобилдик операциялык тутум жөнүндө маалыматтар; браузер же мобилдик колдонмо маалымат Каттоо эсебиңизге жана биздин ИТ тутумдарыбызга коопсуз кирүүнү камсыз кылуу үчүн
Биздин колдонмо менен өз ара аракеттешүү учурунда генерациялануучу маалыматтар Буйрутманы аткарууга кеткен убакыт; эң көп буйрутма берилген кызматтар же товарлар; биздин колдонмобуз менен өз ара аракеттешип жатканда көрүлгөн экрандардын саны; орточо буйрутма наркы Колдонмону жана пайдалануучу тажрыйбасын жакшыртуу; тиешелүү функцияларды берүү, колдонмо интерфейстерин өзгөртүү; биздин клиенттер базасын кеңейтүү; маркетинг жана экономикалык стратегиябызды жакшыртуу; жана уруксатсыз буйрутмалардын алдын алуу
Биздин компаниялар тобунун катышуучулары тарабынан берилген колдонмолордо сиз колдонгон аутентификация куралы аркылуу алынган Сиз издеген же кирген даректер Колдонмону жана пайдалануучу интерфейсин, аны менен бирге буйрутмаларды же жеткирүү даректерин сунуштоону өркүндөтүү үчүн
Биздин маркетинг агенттиктерибизден алынган Булактын же колдонмолорду жүктөп алуу же аларга кирүү үчүн колдонулуучу жарнамалык шилтеменин идентификатору Жарнамалык кампаниянын ийгиликтүү экендигин түшүнүү үчүн
Сиз социалдык тармак аркылуу клиенттерди колдоо кызматына маалымат бересиз Сиздин каалооңуз боюнча көрсөтүлгөн; биздин калообуз боюнча суралган Биздин колдонмолорго байланыштуу проблемаларды чечүү үчүн
Колдонмо аркылуу биздин клиенттерди колдоо кызматы жана айдоочулар, курьерлер же жеткирүүчүлөр менен катташуу учурунда түзүлүүчү маалыматтар Сүйлөшүүлөрдүн жазуулары Талаш-тартыштарды жана соттук доолорду чечүү үчүн; көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын көзөмөлдөө максатында

2. Сиз бизге түздөн-түз берген маалыматтар колдонмонун туура иштеши үчүн зарыл. Мындай маалыматтарсыз сиз буйрутма бере албайсыз, төлөй албайсыз же башка функцияларды колдоно албайсыз.

3. Биздин компаниялар тобунун катышуучулары тарабынан берилген колдонмодо сиз колдонгон аутентификация куралдарынын жардамы менен алынган же биздин маркетинг агенттиктерибизден алынган колдонмо менен өз ара аракеттешүү убагында түзүлүүчү маалыматтар сиздин укуктарыңызды сактоо менен мыйзамдуу кызыкчылыктарга жетүү үчүн колдонулат.

4. Жарнамалык акцияларга же башка иш-чараларга катышууңузду уюштуруу үчүн маалыматтарды колдонууга макулдугуңузду сурашыбыз мүмкүн.

Кандай болгон учурда да, сиз чогултулган маалыматтар жана маалыматтарды чогултуунун максаты жөнүндө кабарланасыз. Каалаган убакта биз менен байланышуу аркылуу макулдугуңузду чакыртып ала аласыз.

Сиз мындай макулдукту берүүдөн баш тарта аласыз жана бул биздин колдонмолорду колдонуу мүмкүнчүлүгүңүзгө таасирин тийгизбейт.

5. Өзгөчө учурларда, мисалы, медициналык шашылыш жардам же пандемия сыяктуу учурларда биз сиздин маалыматтарыңызды олуттуу коомдук кызыкчылык үчүн, сиздин маанилүү кызыкчылыктарыңызды же үчүнчү жактардын маанилүү кызыкчылыктарын коргоо үчүн, же коомдук саламаттык сактоо жагында коомдук кызыкчылыгы бар себептер боюнча иштете алабыз.

6. Биз маалыматтарды автоматташтырылган иштетүүнү биздин алдамчылыкка каршы күрөшүүгө арналган тутумдарыбыздын чектеринде колдонобуз, алар колдонмодогу активдүүлүгүңүздү автоматтык түрдө аныктайт жана айрым функцияларды же буйрутма берүү мүмкүнчүлүгүн бөгөттөйт. Бул сиздин каттоо эсебиңизди жана биздин финансылык кызыкчылыктарыбызды, ошондой эле сиз менен биздин ортобуздагы келишимди аткарууда өнөктөштөрүбүздүн жана үчүнчү жактардын финансылык кызыкчылыктарын ыкчам коргоо үчүн жасалат.

Эгерде сиз биздин тутумдарыбыз ката кетирди деп ойлосоңуз, бизге кабарлаңыз.

7. Биз сиздин маалыматтарыңызды иштетүү максатына жеткенге чейин иштетебиз. Эгерде мындай иштетүү мыйзам боюнча талап кылынса же биздин укуктарыбыз менен кызыкчылыктарыбызды, ошондой эле үчүнчү жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болсо, биз сиздин маалыматыңызды иштетүүнү уланта алабыз.

Мисалы, буйрутмага байланыштуу маалыматтар тиешелүү доо берүү мөөнөтү ичинде сакталат.

8. Биздин клиенттерди колдоо кызматы, ошондой эле айдоочулар, курьерлер же жеткирүүчүлөр менен телефондук сүйлөшүүлөр, эгерде алар колдонмолор аркылуу же колдонмолордо көрсөтүлгөн байланыш маалыматтары боюнча жүргүзүлсө, жазылат.

Жазуулар талаш-тартыштардын жана соттук доолордун контекстинде, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын көзөмөлдөө үчүн колдонулушу мүмкүн.

Клиенттердин айдоочу, курьер же жеткирүүчү менен сүйлөшүүлөрүнүн жазуусу 30 күн, клиенттерди колдоо кызматы менен сүйлөшүүсүнүн жазуусу 3 ай сакталат. Алар биздин ыйгарым укуктуу кызматкерлерге гана жеткиликтүү.

 

3. БИЗ СИЗДИН ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРЫҢЫЗДЫ БӨЛҮШҮП/ӨТКӨРҮП ЖАТАБЫЗБЫ?

1. Сиздин жеке маалыматтарыңыз төмөнкү жактар менен гана бөлүшүлөт:

  • (a) Колдонмодогу кызматтарды көрсөтүүгө түздөн-түз салым кошот:

    Сиздин буйрутмаңызды кабыл алууга жана иштетүүгө жана ошол эле максатта программалык чечимдерди берүүгө катышуучу өнөктөштөр; аутентификация жана маалымат иштетүү борборлорунун куралдарын берүүчү биздин аффиллирленген жактарыбыз; жана клиенттерди колдоо боюнча бизге жардам берген компаниялар.

  • (b) Мыйзамга ылайык маалыматыңызды алууга укуктуу жактар:

    Мисалы, тийиштүү түрдө ыйгарым укук берилген укук коргоо органдары.

  • ·(c) Биздин колдонмону жакшыртууга жардам берүүчү жактар:

    Жарнамалык же түзмөк идентификаторлору бизге жарнамалык же аналитикалык кызматтарды көрсөтүүчү компаниялар менен бөлүшүлүшү мүмкүн. Биздин кызматтарды колдонууда пайда болгон техникалык каталар тууралуу маалыматтар биздин колдонмолорду иштеп чыгууга катышкан аффиллирленген жактарыбыз менен бөлүшүлөт.

2. Маалыматтарыңызды бөлүшкөн тараптар ар түрдүү өлкөлөрдө жайгашкан болушу мүмкүн.

Бул өлкөлөрдүн айрымдары биз колдонмону камсыз кылган өлкө сыяктуу маалыматтарды коргоо деңгээлин же маалымат субъектинин укуктарын камсыз кылбайт. Мындай учурларда, биз сиздин укуктарыңыз сакталышын жана өткөрүп берүү учурунда жана андан кийин жеке маалыматтарыңыздын корголушун камсыз кылуу үчүн зарыл жол-жоболорду аткарабыз. Мындай жол-жоболор (1) тийиштүү органдар тарабынан белгиленген маалыматтарды берүү жөнүндөгү стандарттык келишим эрежелерине негизделген маалыматтарды коргоо жөнүндөгү келишимдердин чектериндеги милдеттенмелерди жана/же (2) маалыматтарыңыз берилүүчү жана иштетилүүчү өлкөнүн жергиликтүү мыйзамдарына биздин баа беришибизге негизделген кошумча келишимдик милдеттенмелерди жана/же (3) маалыматтарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдан каттоо же өткөрүп берүү уруксатын камтышы мүмкүн.

 

4. СИЗДЕР УКУКТАРЫҢЫЗ САКТАЛЫШЫН КАНТИП КАМСЫЗ КЫЛА АЛАСЫЗ?

1. Кирүүгө мүмкүндүк

Сиз ар дайым жеке маалыматтарыңызга кире аласыз. Биздин аутентификация куралыбыз менен колдонмого киргенден кийин, сиз буйрутмаларыңыз тарыхына, каттоо маалыматтарыңызга жана банк маалыматтарына кире аласыз. Эгер сиз пайдалануучунун атын (логин) жана паролду пайдалануу менен аутентификацияны колдонсоңуз, https://passport.yandex.com/profile/data шилтемесиндеги нускамаларды аткаруу менен бардык маалыматтарыңыздын көчүрмөсүн ала аласыз. Сиз ошондой эле бул шилтемени, эгер телефон номери, аты-жөнүңүз боюнча аутентификацияны колдонсоңуз, анда пайдалануучу атыңыз (логин) жана паролуңуздун жардамы менен каттоо эсебин жаңыртуу аркылуу да, колдоно аласыз. Каттоо эсебиңизди жаңыртуу үчүн менюну (колдонмонун жогорку сол бурчунда) чыкылдатыңыз - атыңыз - телефон номериңиз, андан кийин экрандагы нускамаларды аткарыңыз.

2. Маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү

Колдонмого биздин аутентификация куралыбыздын жардамы менен киргенден кийин, колдонмодогу жеке маалыматтарыңызга өзгөртүүлөрдү киргизе аласыз. Эгер колдонмолор аркылуу маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүн болбосо, клиенттерди колдоо кызматына кайрылыңыз.

3. Алып салуу

Биздин аутентификация куралыбыздын жардамы менен колдонмого киргенден жана каттоо эсебиңизди пайдалануучу атыңыз (логин) жана паролуңуздун жардамы менен жаңырткандан кийин, жеке иаалыматыңызды колдонмодон (https://passport.yandex.com/profile/data) жок кыла аласыз же каттоо эсебиңизди толугу менен жок кыла аласыз (https://passport.yandex.com/passport?mode=delete&origin=passport_profil).

Эгерде сиз биздин аутентификация куралыбыздын эски версияларын (телефон номери боюнча гана) колдонуп жатсаңыз, бардык жеке маалыматтарыңызды алып салуу үчүн, менюну (колдонмодогу жогорку сол бурчта) чыкылдатуу менен – колдоо, андан кийин теманы тандап колдонмо аркылуу бизге сурам жөнөтүңүз.

Колдонмодон жок кылынгандан кийин биз белгилүү бир маалыматтарды, анын ичинде мыйзамга ылайык же биздин кызыкчылыктарыбызды коргоо үчүн сакталышы керек болгон маалыматтарды, ошону менен катар, сот текшерүүсү контекстинде сакташыбыз керек. Маалыматтарды жок кылуу мүмкүнчүлүгү сөз жана маалымат эркиндигине тийишттүү мыйзам же ченемдик актылар менен чектелиши мүмкүн.

4. Кайра иштетүүнү чектөө

Сиз белгилүү бир жагдайларда жеке маалыматтарыңызды иштетүүнү чектөөгө укугуңуз бар. Мисалы, эгер сиз жеке маалыматтарыңызга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кааласаңыз, биздин клиенттерди колдоо кызматына мындай маалыматтар өзгөртүлмөйүнчө маалыматтарыңызды иштетүү чектелсин деген сурам менен кайрылсаңыз болот. Улантуу үчүн клиенттерди колдоо кызматына кайрылыңыз.

5. Көчүрүү мүмкүнчүлүгү

Эгерде сиздин жеке маалыматтарыңыз сиздин макулдугуңуздун негизинде же биз менен түзүлгөн келишимдин негизинде автоматташтырылган куралдар менен иштетилген болсо (мисалы, сизге колдонмонун функцияларын берүү үчүн), сиз мындай маалыматтарды структураланган, кеңири колдонулуучу жана машина окуучу форматта алууга укугуңуз бар. Сиз мындай маалыматтарды биздин аутентификация куралыбыз аркылуу колдонмого кирип жана каттоо эсебиңизди пайдалануучу атыңыз (логин) жана паролуңуздун жардамы менен жаңыртып жана (https://passport.yandex.com/profile/data) шилтемеси боюнча нускамаларды аткаруу аркылуу ала аласыз.

6. Каршы чыгуу

Эгер сиз жеке маалыматыңызды иштетүү укугуңузду бузду деп эсептесеңиз, анда сиздин жеке маалыматтарыңызды иштетүүгө каршы чыгууга укугуңуз бар. Каршылык билдирүү укугу биз сиздин маалыматыңызды мыйзамдуу кызыкчылыктарыбыздын негизинде иштеткенде гана ишке ашырылаарын эске алыңыз.

7. Даттануулар

Биз ар дайым сиздердин даттанууларды жана сунуштарды кароого даярбыз. Сураныч, аларды биздин клиенттерди колдоо кызматына жөнөтүңүз.

Мындан тышкары, эгерде сиздин укугуңуз бузулду деп эсептесеңиз, тиешелүү көзөмөл органына арыз менен кайрылсаңыз болот.

Тиешелүү көзөмөл органдарынын тизмеси жана алардын байланыш маалыматтарын

(https://yandex.com/legal/yandexgo_list_of_sa) шилтемеси боюнча тапса болот.

8. Клиенттерди колдоо

Сиз биздин колдонмолор аркылуу клиенттерди колдоо кызматы менен байланыша аласыз.

 

5. БУЛ ДОКУМЕНТКЕ ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КАНТИП КИРГИЗИЛГЕН?

1. Эгерде бул Купуялык жөнүндө билдирүүгө сиздин укуктарыңызга олуттуу таасир тийгизген өзгөртүүлөр киргизилсе, биз сизге жеткиликтүү болгон бардык ыкмалар менен (колдонмонун push билдирүүлөрү, SMS же электрондук почта аркылуу) билдиришибиз мүмкүн.

Бул, мисалы, эгер биз иштетилген маалыматтардын жаңы категорияларын же алар иштетилип жаткан жаңы максаттарды кошсок, ушундай болмок. Мындай өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин сизге кабар берилет.

 

6. БИЗ МЕНЕН КАНТИП БАЙЛАНЫШСА БОЛОТ?

1. Биздин маалыматтарды коргоо кызматкери менен: dpo-yt@yandex-team.com электрондук почтасы аркылуу байланышса болот.

2. Сиз тутумга киргенден кийин мобилдик колдонмо аркылуу биздин клиенттерди колдоо кызматына кайрылсаңыз болот. Колдонмого кирүү бизге сизди идентификациялоого мүмкүндүк берет.

Жарыяланган күнү: 16.08.2023