Яндекс Про сервисинин Купуялык боюнча Эскертмеси
Яндекс Про — эл аралык жогорку технологиялык компания тарабынан иштелип чыккан мобилдик жана веб-колдонмолор (мындан кийин экөөнө тең карата "колдонмо" термини колдонулат).
Биздин колдонмо сизге Яндекс Go жана Яндекс Еда мобилдик жана веб колдонмолорунун колдонуучулары (“кардарлар”) транспортто ташуу жана товар жеткирүү боюнча берген буйрутмаларын алууга мүмкүнчүлүк берет.
1. КУПУЯЛЫК БОЮНЧА БУЛ ЭСКЕРТМЕ ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?
Биз купуялыкты коргоого умтулуп, ишмердигибиз жана жеке маалыматтарыңызды иштетүү ыкмалары боюнча ачык-айкын иш жүргүзгүбүз келет.
Ушул Купуялык боюнча эскертменин максаты – сиздин жеке маалыматтарыңызды биз кантип жана эмне үчүн иштетип жатканыбыз жөнүндө маалымат берүү.
2. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРЫҢЫЗ КИМДЕР ТАРАБЫНАН ИШТЕТИЛЕТ?
2.1 Жеке маалыматтарыңыз өлкөңүздө кызматты көрсөткөн компания тарабынан иштетилет.
Бул компаниялар өз күчүндө болгон купуялык мыйзамдарына ылайык "маалымат көзөмөлдөөчүлөрү" катары иш жүргүзүшөт жана жеке маалыматтарды иштетүүнүн максаттары менен каражаттарын белгилейт.
|
Бренд |
Өлкө |
Компания |
Дарек |
|
Яндекс Про |
Грузия |
Ridetech Georgia LLC |
Davit Aghmashenebeli Avenue 129a, Shop N4, Tbilisi, Georgia (Алексидзекөчөсү 13, б. 59, Тбилиси, Грузия) |
|
Молдова |
Ridetech S.R.L. |
65 Stefan cel Mare si Sfant Boulevard, office 806, Chisinau city, Republic of Moldova (Штефан сел Маре си Сфант бульвары, 806-кеңсе, Кишинёв шаары, Молдова Республикасы) |
|
|
Кыргыз Республикасы |
"Яндекс Такси Корп" ЖЧК |
720040, Эркиндик бульвары, 58А, Бишкек, Кыргыз Республикасы |
|
|
Сербия |
RideTechnology Global FZ-LLC |
101, 1st Floor, Bld. 4, Dubai Internet City, Dubai, UAE (Дубай Интернет Сити, 4-бульвар, 1-кабат, 101, БАЭ) |
|
|
Өзбекстан |
YandexGo UB MCHJ |
Шахрисабз көчөсү, 2, Ташкент ш., Өзбекстан Республикасы |
|
|
Армения |
Ridetech AM LLC |
Московян, 35, Ереван, Армения Республикасы |
|
|
Казакстан |
Yandex.Taxi Corp LLP |
Нурсултан Назарбаев проспекти, 100/4, 105-кеңсе, Алматы, 050000, Казакстан Республикасы |
|
|
Түркия |
YE Bilgi Teknolojileri Danışmanlık Limited Şirketi |
Халаскаргази кичирайону, Халаскаргази проспекти 38-66 /215, Шишли району, Стамбул, Түркия |
2.2 Биздин колдонмолорубуз бирдиктүү аутентификация куралын колдонушат. Сиз бир жолу катталгандан кийин колдонмолорубузду биз кызмат көрсөткөн өлкөлөрдүн каалаган биринде пайдалана аласыз. Биз жайылтып жаткан колдонмолорду иштетүүнү тандамайыңызча жеке маалыматтарыңыз ошол башка колдонмолор менен бөлүшүлбөйт.
3. КАЙСЫ ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАР ИШТЕТИЛЕТ? КАНТИП? ЭМНЕ ҮЧҮН?
Биз иштеткен жеке маалыматтардын категориялары, бул маалыматтардын булагы, иштетүүнүн максаттары жана укуктук негиздери төмөндө көрсөтүлгөн:
|
Булак |
Маалымат категориялары |
Максаттар |
Укуктук негиз |
|
Сиз бизге берген маалыматтар |
Телефон номери, толук аты-жөнү, айдоочулук күбөлүктөгү маалыматтар же улуттук идентификациялык карта, катталган өлкө же шаар, жарандык, электрондук почта, туулган күнү |
Аккаунтту каттоо, каттоо учурунда сиз менен байланышуу үчүн, колдонмодо сизди колдонуучу катары идентификациялоо жана авторизациялоо үчүн керек Сиздин сый акы алуу үчүн |
Келишим* |
|
Телефон номери, толук аты-жөнү, айдоочу катары иштөө мөөнөтү, автоунаа модели жана мамномери, сүрөт |
Кардарларга айдоочу жана автоунаа жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн керек |
Келишим* |
|
|
Рефералдык код |
Сизди рефералдык программада идентификациялоо үчүн керек (сөзсүз эмес) |
Келишим* |
|
|
Толук аты-жөнү, телефон номери, электрондук почта, социалдык камсыздандыруу номери же салык төлөөчүнүн номери (сөзсүз эмес), туулган күнү, туулган жери, жарандыгы, айдоочулук күбөлүк, профиль сүрөтү (айрым өлкөлөрдө милдеттүү эмес), такси ишмердиги үчүн лицензия (өлкөдө колдонулса) |
Биздин колдонмодо электрондук картаны түзүү үчүн |
Келишим* |
|
|
Айдоочулук күбөлүгүңүздүн жана улуттук идентификациялык картаңыздын фотокөчүрмөсү, айдоочулук күбөлүгүңүздү жана улуттук идентификациялык картаңызды кармап түшкөн сүрөт керек (милдеттүү эмес) |
Сиздин транспорт каражатын башкарууга укуктуу болгонуңузду жана маалыматтарыңызды текшерүү үчүн керек |
Юридикалык милдеттенмелерди сактоо |
|
|
Селфи-сурөт, улуттук идентификациялык карта, улуттук идентификациялык картаңызды кармап түшкөн сүрөт (айрым өлкөлөрдө милдеттүү эмес) |
Айдоочуга буйрутмаларды берип баштоого чейин аны таанып билүү үчүн |
i) Келишим* ii) Биздин мыйзамдуу кызыкчылыгыбыз - кардардын коопсуздугун камсыздоо (кызмат көрсөтүлүүчү өлкөнүн мыйзамдарына жана коопсуздук режимине жараша) |
|
|
Банк маалыматтары |
Сый акыңызды төлөө үчүн |
Келишим* |
|
|
Сүрөтүңүздү жана үнүңүздү жаздыруу |
Текжайыңызды аныктоо, кардарга ким экениңизди ырастоо, транспорт каражатынын ичинде чыр-чатак окуяларды жаздыруу, иликтөө жана маселелерди жөнгө салуу үчүн***** |
i) Макулдук** ii) Биздин мыйзамдуу кызыкчылыгыбыз сиздин жана кардардын коопсуздугун камсыздоодо iiii) айдоочу үчүн аба-суудай маанилүү кызыкчылык iv) Коомдук кызыкчылык (кызмат көрсөтүлүүчү өлкөнүн мыйзамдарына жана коопсуздук режимине жараша) |
|
|
Электрондук почта дареги, телефон номери |
i) Буйрутмаларыңыз жөнүндө сервистик маалыматтарды жиберүү, колдонмолорубуздагы мүчүлүштүктөрдү жоюп, маселелерди чечүү үчүн ii) Сизге биздин өнүмдөрүбүз, сунуштарыбыз, өнөктөштөрүбүз жөнүндө маалымат берүү үчүн, промо-акцияларга же башка иш-чараларга катышууңузду уюштуруу үчүн. |
i) Келишим* ii) Макулдук** |
|
|
Анкеталык маалыматтар: аты-жөнү, телефон номери, электрондук почтанын дареги, колдонуучулардын билдирүүлөрү же сын-пикирлери |
i) Сизден ой-пикирлериңизди алуу үчүн ii) Кардарга колдоо көрсөтүү өтүнүчүңүздү иштетүү үчүн |
i) Сын-пикирлерди алуудагы жана бул ушул сын-пикирлердин негизинде кызматтарыбызды жакшыртуудагы мыйзамдуу кызыкчылык ii) Келишим* |
|
|
Түзмөгүңүздөн жана колдонмолорубуздан алынды |
IP-дарек, түзмөк идентификатору, түзмөктүн тиби жана модели, мобилдик операциялык системасы, браузер же мобилдик колдонмо жөнүндө маалыматтар |
Аккаунтуңузга жана биздин IT-системаларыбызга кирүүнү мүмкүн кылуу үчүн |
Колдонуучуларыбыздын маалыматтарын жана системаларыбыздын коопсуздугун камсыздоодогу мыйзамдуу кызыкчылык |
|
Жарнамалык идентификатор |
Максаттуу (таргеттелген) жарнаманы жөндөө үчүн |
Макулдук** |
|
|
Айдоо мүнөзүңүз, ылдамдык, сиз машинени айдап бара жатканда түзмөгүңүздүн өзгөрүшү |
Айдоо мүнөзүңүздү жана ылдамдык чектөөлөрүнө баш ийгениңизди текшерүү, коопсуздукту камсыздоо үчүн |
i) Келишим* ii) коопсуздукту камсыздоо жана кырсыктарды болтурбоо үчүн мыйзамдуу кызыкчылыгыбыз iii) коомдук кызыкчылык (кызмат көрсөтүлүүчү өлкөнүн мыйзамдарына жана коопсуздук режимине жараша) |
|
|
Колдонмолорубуз менен өз ара аракеттешкениңизде иштелип чыгат |
Колдонуучунун идентификатору, буйрутмалардын жыштыгы, буйрутманы аткаруу убактысы, тейлөө мөөнөтү, колдонмолор менен өз ара аракеттешүүдө көрүлгөн экрандардын саны, буйрутманын орточо наркы |
i) Колдонмону жакшыртуу жана колдонуучу менен өз ара аракеттешүү, тийиштүү функцияларды камсыз кылуу, колдонмолордун интерфейстерин модификациялоо үчүн ii) Маркетинг жана бизнес стратегияларыбызды жакшыртууну көздөп, маркетингдик максаттарда колдонуучулардын активдүүлүгүн талдоо үчүн iii) Мелдештерде, конкурстарда же каалаган башка иш-чараларада катышууңузду уюштуруу үчүн |
i) Колдонмобузду, колдонуучулардын тажрыйбасын жана тейлөөнү жакшыртуудагы мыйзамдуу кызыкчылык ii) Маркетинг изилдөөлөрүн жүргүзүүдө мыйзамдуу кызыкчылык iii) Макулдук** |
|
Сиз кабыл алган буйрутмалардын чоо-жайы: буйрутма берилген күн жана убакыт, алып кетүү жеринин дареги, жеткирүү жеринин дареги, баа, төлөө ыкмасы, автоунаа модели жана мамлекеттик номери, айдоочунун аты-жөнү, ташуучу жөнүндө маалыматтар |
Буйрутмаларыңыздын таржымалын сизге берүү жана колдонмолорубуздагы мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн |
Келишим* |
|
|
Колдоо тобуна сиз берген маалыматтар |
Сиз өз ыктыярыңыз менен көрсөткөн же колдоо тобунун талабы менен берген маалыматтар: буйрутмалардын чоо-жайы жана таржымалы, байланыш маалыматтары, комментарийлер, тиркемелер, башка маалыматтар |
Сизге колдоо көрсөтүү жана колдонмолорубузга байланыштуу мүчүлүштүктөрдү жоюуда жардам берүү үчүн |
Келишим* |
|
Колдонмолор аркылуу биздин колдоо кызматтарыбыз менен баарлашканда иштелип чыгат |
Жаздырылып алынган сүйлөшүүлөр, колдонмолор же башка каражаттар аркылуу баарлашууларыңыз, ошондой эле, сиз берген же биздин колдонмолордо иштелип чыккан башка маалыматтар |
Биздин мыйзамдуу укуктарыбызды жана үчүнчү жактардын укуктарын коргоо, талаш-тартыштарды жана соттук дооматтарды чечүү, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын көзөмөлдөө үчүн |
Укуктарыбызды коргоодогу, талаш-тартыштарды чечүүдөгү жана кызматтарыбыздын сапатын текшерүүдөгү мыйзамдуу кызыкчылык |
* Жеке маалыматтар аккаунтуңузду түзүп жатканда же кызматтарыбызды алып жатканда сиз кабыл алган Яндекс Про Лицензиялык макулдашуусу жана Про-Колдонуучунун карта кызматын колдонуу шарттарында аныкталган келишимдин негизинде иштетилет (https://yandex.ru/legal/drivers_termsofuse/ дарегинде окуп алса болот).
** Биз сизден каалагандай жеке маалыматты иштетүүгө макулдук сурап жатканда, биз сизге маалыматтарды топтоонун максаттары жана алар топтолгону жөнүндө билдиребиз. Сиз мындай макулдукту берүүдөн баш тарта аласыз жана мындай чечимиңиз колдонмолорубуздан пайдалануу мүмкүнчүлүгүңүзгө эч кандай таасир кылбайт. Каалаган убакта биз менен байланышып, макулдугуңуздан баш тарта аласыз.
*** Биз кызмат көрсөткөн өлкөнүн мыйзамдары же тийиштүү маалымат көзөмөлдөөчүбүз түзүлгөн өлкөнүн мыйзамдары бизге белгилүү бир юридикалык милдеттенмелерди жүктөшү мүмкүн. Биз мыйзамдардын талабын аткаруу үчүн жеке маалыматтарыңызды иштетүүгө милдеттүүбүз. Биз жеке маалыматтарды үчүнчү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык иштетпейбиз. Биз жеке маалыматтарыңызды өлкөңүздүн (сиз биздин кызматты колдонгон өлкөнүн) жана/же кызмат көрсөтүүчү мекемебиз катталган өлкөнүн мыйзамдарын сактоо үчүн гана (эгерде ал сиздин өлкөдөн башка болсо) иштетебиз.
**** Автоунаада жасалган аудио жана видео жаздыруулар өзгөчө кырдаалдарда керектүү бир функция болуп саналат жана ал айдоочу Яндекс Go'ну Колдонуу шарттарына ылайык Чыр-чатак баскычын иштеткенде, коркутуп-үркүтүү, чыр-чатак же өзгөчө кооптуу учурларда гана колдонулат. Талаш-тартыштарды чечүү жана коопсуздук максатында жаздыруу башталганга чейин колдонуучу да, айдоочу да бул тууралуу эскертилет.
4. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРЫҢЫЗДЫ КИМДЕР МЕНЕН БӨЛҮШӨБҮЗ ЖЕ КИМДЕРГЕ ӨТКӨРҮП БЕРЕБИЗ?
4.1 Жеке маалыматтарыңызды алуучулар
Жеке маалыматтарыңызды төмөнкүлөр менен гана бөлүшөбүз:
i) Колдонмонун жардамы менен кызматтарды көрсөтүүгө түздөн-түз катышкан:
- Буйрутмаңызды алууга жана аткарууга тартылган жана ошол эле максатта программалык жабдууларды камсыз кылган өнөктөштөрүбүз;
- Электрондук транзакцияларды жүргүзүүгө көмөктөшүүчү төлөм кызматтарынын провайдерлери жана мобилдик акча кызмат көрсөтүүчүлөрү;
- Камсыздандыруу компаниялары;
- Бизди электрондук төлөм функциясы менен камсыз кылган жана "арам акчаны адалдоого каршы" (anti-money laundering) жана "өз кардарыңды бил" (know-your-customer) верификациялык текшерүүлөрүн жүргүзгөн өнөктөштөрүбүз;
- Сиздин өлкөдө бар болсо, биздин колдонуучуларга виртуалдык банк карталарын чыгарган өнөктөштөрүбүз;
- Сиздин өлкөдө бар болсо, насыя берүүчү микрофинансылык уюмдар;
- Сиздин өлкө үчүн актуалдуу болсо, автоунааларды ижарага берген өнөктөштөрүбүз;
- Сиздин өлкө үчүн актуалдуу болсо, биографиялык маалыматтарды текшерген биздин өнөктөштөрүбүз;
- Аутентификация куралдарын камсыз кылган биздин аффилирленген жактар;
- Бизди серверлер, маалыматтарды сактоо жана башка инфраструктуралык объектилер менен камсыз кылган биздин аффилирленген жактар жана үчүнчү тараптар; жана
- Кардарларды колдоо кызматын көрсөтүү, бизге жардам берген аффилирленген жана үчүнчү жактар.
Жеке маалыматтарды иштетүүгө катыша турган субъектилер төмөнкү баракчада келтирилген: https://yandex.com/legal/affiliates. Тизмеде келтирилген объектилердин баары сөзсүз түрдө маалыматыңызды иштетүүгө тартыла бербейт, анткени алардын буга тартылышы сиз колдонуп жаткан сервиске жана аны колдонгон өлкөгө жараша болот. Биз сиздин өлкөңүздүн купуялык мыйзамдарын бузуп, биздин компаниялар ортосунда жеке маалыматтарды бөлүшпөйбүз.
ii) тийиштүү маалымат көзөмөлдөөчүсү мыйзамга ылайык жеке маалыматтарыңызды алууга укуктуу:
- Мисалы, укук коргоо органдарында жеке маалыматтарыңызды алууга мыйзамдуу укугу болсо, же финансылык регуляторлордо шектүү иш-аракеттерди же транзакцияларды иликтөөгө тийиштүү ыйгарым укуктары болсо (өлкөңүздүн жана/же сизге кызмат көрсөткөн биздин уюм катталган өлкөнүн учурда күчүндө болгон мыйзамдарына ылайык). Күчүндө болгон купуялык мыйзамына карама-каршы түрдө жеке маалыматтарыңызды мамлекеттик органдар менен бөлүшпөйбүз.
iii) Колдонмобузду жакшыртууга жардам бергендер:
- Мисалы, сервистерибизди колдонууда пайда болгон техникалык каталар тууралуу маалыматтар колдонмолорубузду иштеп чыгууга катышкан биздин аффилирленген жактар менен бөлүшүлөт.
iv) Сизге товарлар, кызматтар жана сунуштар жөнүндө маалымат берүүдө бизге жардам бергендер:
- Мисалы, жарнама же түзмөк идентификаторлору бизге жарнама же аналитикалык кызматтарды көрсөткөн компаниялар менен бөлүшүлүшү мүмкүн.
4.2 Жеке маалыматтарыңызды эл аралык даражада өткөрүлүшү
Бизден сиздин жеке маалыматыңызды алган тараптар ар кайсы өлкөлөрдө жайгашкан болушу мүмкүн.
Бул өлкөлөрдүн айрымдары сиз сервисти пайдаланып иштетип жаткан өлкөдөгүдөй сыяктуу маалыматтарды коргоо деңгээлин же маалымат субъектинин укуктарынын сакталышын камсыз кылбай калышы ыктымал. Мындай учурларда, биз жеке маалыматтарыңызды өткөрүп берүү учурунда жана андан кийин дагы аларга болгон укуктарыңыздын урматталышын жана корголушун камсыз кылуу үчүн зарыл жол-жоболорду аткарабыз.
Мындай жол-жоболор төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн (иштеп жаткан купуялык мыйзамдарына ылайык):
i) Тиешелүү органдар тарабынан берилген маалыматтарды өткөрүп берүү боюнча стандарттык келишимдик пункттарга негизделген маалыматтарды коргоо келишимдери аркылуу милдеттенмелер;
ii) Сиздин жеке маалыматтарыңыз өткөрүлүп берилген жана иштетилген өлкөнүн жергиликтүү мыйзамдарын талдообуздун негизинде кошумча келишимдик милдеттенмелер;
iii) Маалыматтарды коргоо боюнча компетенттүү органдан өткөрүп берүүнү каттоо же авторизациялоо; жана/же
iv) Жеке маалыматтарыңызды мыйзамсыз, башкача айтканда биз кызмат көрсөткөн өлкөнүн мыйзамдарына каршы келе турган, же уруксатсыз алып колдонууну алдын алуу үчүн кошумча техникалык жана организациялык чаралардын көрүлүшү
Биз иштеген өлкөлөрдүн купуялык жөнүндө мыйзамдарына, анын ичинде эл аралык маалымат алмашуу талаптарына жана чектөөлөрүнө ар дайым баш ийип, аларды сактайбыз.
5. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ САКТОО МӨӨНӨТТӨРҮ КАНДАЙ?
5.1 Биз жеке маалыматтарыңызды иштетүү максатына жетилмейинче иштетебиз.
5.2 Иш жүзүндө сактоо мөөнөтү иштетилген жеке маалыматтарга жана иштетүү жүрүп жаткан өлкөгө жараша болот. Мисалы, кардарларды колдоо тобу, айдоочулар же курьерлер менен болгон телефон сүйлөшүүлөрдүн жазылган файлдары адатта 3 айдан ашык эмес сакталат.
5.3 Эгерде мыйзам талап кылса же биздин укуктарыбыз менен кызыкчылыктарыбызды же үчүнчү жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болсо, тактап айтканда, соттук териштирүүлөрдө жеке маалыматтарыңызды сиз аны колдонмодон өчүргөндөн кийин дагы иштетүүнү улантышыбыз ыктымал.
Маалыматтарды өчүрүү мүмкүнчүлүгү сөз жана маалымат эркиндигине тиешелүү мыйзамдар менен да чектелиши мүмкүн.
6. КАНДАЙ УКУКТАРЫҢЫЗ БАР?
Сизде купуялык мыйзамдарына ылайык бир катар укуктарыңыз бар. Сизге берилген укуктар сиздин жеке маалыматыңызды иштетүүнүн себебине жана колдонуудагы мыйзамдарга жараша болот.
Колдонмого биздин аутентификация куралыбыздын жардамы менен киргениңизден кийин, жеке маалыматтарыңызга ар дайым жете аласыз, аларды оңдой же өчүрө аласыз.
Колдонмолорубуз аркылуу кардарларды колдоо тобу менен байланышып, төмөнкү укуктарыңыздан пайдалана аласыз:
6.1 Маалыматка жетүү укугу
Сиз ар дайым жеке маалыматтарыңызга жете аласыз. Сизде жеке маалыматыңыздын көчүрмөсүн талап кылууга укугуңуз бар.
6.2 Маалыматтарды түзөтүү укугу
Сизде туура эмес, так эмес же эскирген деп эсептеген маалыматты жаңыртууну же оңдоону суранууга укугуңуз бар. Ошондой эле, сиз толук эмес деп эсептеген маалыматтын каалаган түрүн бизден толуктоону суранууга укугуңуз да бар.
6.3 Маалыматтарды иштетүүгө макулдукту кайтарып алуу укугу
Эгер сиз жеке маалыматтарыңызды иштетүүгө макулдук берип, мунун негизинде маалыматтар иштетилип жатса, сизде буга макулдугуңузду кайтарып алуу укугуңуз бар.
6.4 Маалыматтарды өчүртүү укугу
Белгилүү бир жагдайларда, мисалы, маалыматтар биздин максаттарыбыз үчүн керек болбой калса, биз сиздин маалыматтарыңызды мыйзамдуу негизсиз же башкача мыйзамсыз түрдө иштетсек, макулдугуңуздан баш тартсаңыз, (эгер иштетүү сиздин макулдугуңузга негизделсе), биз сиздин маалыматыңызды сиз бала кезиңизде же тиешелүү мыйзамдарга ылайык башка жагдайларда топтогон болсок, бизден жеке маалыматыңызды өчүрүүнү суранууга укугуңуз бар.
6.5 Маалыматтарды иштетүүнү чектөө укугу
Сизде белгилүү жагдайларда жеке маалыматтарыңызды иштетүүнү чектөөгө укугуңуз бар. Мисалы, эгер сиз түзөтүүгө болгон укугуңуздан пайдалангыңыз келсе, анда маалыматтарыңыз түзөтүлгөнгө чейин аларды иштетүүнү чектөөбүздү сурансаңыз болот.
6.6 Маалыматтардын ордун которо билүү укугу
Эгер сиздин жеке маалыматтарыңыз сиздин макулдугуңуздун негизинде же биз менен түзүлгөн келишимдин негизинде автоматташтырылган каражаттардын жардамы менен иштетилсе (мисалы, сизге колдонмонун мүмкүнчүлүктөрүн берүү үчүн), сиз маалыматтарыңызды структураланган, кеңири колдонулган жана электрондук эсептөөчү машиналарда окула тургандай форматта алууга укугуңуз бар.
6.7 Маалыматтардын иштетилишине каршылык билдирүү укугу
Эгер сиз жеке маалыматтарыңызды иштетүүдө укуктарыңыз бузулууда деп эсептесеңиз, анда жеке маалыматтарыңыздын иштетилишине каршылык билдирүүгө укугуңуз бар. Маалыматтардын иштетилишине каршылык билдирүү укугуңуз биз маалыматтарыңызды мыйзамдуу кызыкчылыктардын же коомдук кызыкчылыктын негизинде иштетип жаткан учурда гана ишке ашырылышы мүмкүн экенин эске алыңыз.
Автоматташтырылган тартипте, анын ичинде профилдөөнүн аркасы менен маалыматтардын иштетилишине гана негизделип, үстүңүздөн чечимдердин чыгарылбашына укугуңуз бар. Биз маалыматтардын бир гана автоматташтырылган тартипте иштетилишине, анын ичинде профилдөөгө негизделген чечимдерди чыгарбайбыз.
6.8 Арыздануу укугу
Биз ар дайым арызданууларыңызды жана сунуштарыңызды карап чыгууга даярбыз. Сураныч, аларды кардарларды колдоо тобуна жибериңиз.
Эгерде сиз өзүңүздүн укугуңуз бузулду деп эсептесеңиз, бул боюнча тийиштүү көзөмөл органына да арыз менен кайрылсаңыз болот.
Тийиштүү көзөмөл органдарынын тизмесин жана алардын байланыш маалыматтарын бул жерден тапса болот (https://yandex.com/legal/yandexgo_list_of_sa/).
7. БИЗ МЕНЕН КАНТИП БАЙЛАНЫШСА БОЛОТ?
7.1 Сиз мобилдик колдонмо аркылуу системага киргенден кийин кардарларды колдоо тобубуз менен байланыша аласыз.
7.2 Маалыматтарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адисибиз менен dpo-yt@yandex-team.com дарегиндеги электрондук почта аркылуу байланышса болот. Сураныч, колдонмобузда каттоодон өтүү үчүн колдонгон телефон номериңизди жазыңыз, ал бизге сизди тез идентификациялоого жардам берет.
8. БУЛ ДОКУМЕНТКЕ ОҢДОП-ТҮЗДӨӨЛӨР КАНТИП КОШУЛАТ?
Ушул Купуялык боюнча эскертмеге олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген учурда, биз сизге муну кабарлоо үчүн бардык жеткиликтүү каражаттарды (колдонмодогу push-билдирмелер, SMS же электрондук почта) колдоно алабыз.
Мисалы, эгерде иштетиле турган жеке маалыматтардын жаңы категорияларын, же болбосо маалыматтарды иштетүүнүн жаңы максаттарын кошо турган болсок, ушундай кырдаал жаралышы ыктымал. Мындай өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин сизге бул тууралуу кабар берилет.
Жарыяланган күнү: 03.02.2025.