Yandex Go

Бул 25.12.2023-жылы токтотулган документтин эски версиясы учурдагы версия жайгаштырылган: https://yandex.com/legal/yandexgo_mobile_agreement.

«Яндекс Go» программасын мобилдик түзмөктөрдө колдонууга лицензиялык келишим

 

Программаны колдонордун алдында, сураныч, лицензиялык макулдашуунун төмөндөгү шарттары менен таанышып алыңыз.

Программанын Сиз тарабынан каалашыңызча колдонулушу Сиз азыркы лицензиялык келишимдин шарттарын толук жана шартсыз кабыл алганыңызды билдирет.

Эгерде Сиз лицензиялык келишимдин шарттарын толук түрдө кабыл албасаңыз, Сиз программаны кандайдыр бир максатта колдонгонго укугуңуз жок.

 

1. Жалпы жоболор

1.1. Бул Лицензиялык келишим (мындан ары — «Лицензия») Yandex.Go'ну (мурда — Яндекс.Такси) мобилдик түзмөктөр үчүн (мындан ары — «Программа») колдонуунун шарттарын аныктайт жана Программаны (мындан ары — «Колдонуучу») колдонгон ар бир жак менен жана төмөндөгү 9-пунктта көрсөтүлгөндөй Программаны (мындан ары — «Укук ээси») колдонууга укук берген уюм менен түзүлөт.

1.2. Программаны көчүрүп, аны өздүк мобилдик түзмөккө орнотуу же Программаны кандай гана түрдө болбосун колдонуу менен, Колдонуучу Лицензиянын бардык шарттарына толук жана сөз жок макул экенин билдирет.

1.3. Программаны колдонууга ушул Лицензиянын шарттарына ылайык гана уруксат берилет. Эгерде Колдонуучу Лицензиянын шарттарын толук түрдө кабыл албаса, Колдонуучунун Программаны кандайдыр бир максатта колдонгонго укугу жок. Программаны Лицензиянын кайсыл бир шарттарын бузуу (аткарбоо) менен колдонууга тыюу салынат.

1.4. Колдонуучунун Программаны ушул Лицензиянын шарттарына ылайык жеке коммерциялык эмес максаттарда колдонуусу акысыз. Программаны ушул Лицензияда каралбаган шарттар жана ыкмалар менен колдонуу, Укук ээси менен өзүнчө келишимдин негизинде гана мүмкүн.

1.5. Программаны колдонуу менен сиз төмөнкү документтер ушул Программанын Лицензиясынын ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелерине макул болосуз:

ошондой эле төмөнкү документтер, Программаны колдонуунун шарттарын толугу менен камтыйт:

Көрсөтүлгөн документтер (анын ичинде алардын ар бир бөлүгү) Укук ээси тарабынан кандайдыр бир өзгөчө кабар берүүсүз өзгөртүлүшү мүмкүн. Документтердин жаңы редакциялары, эгерде документтин редакциясынын өзүндө башкача каралбаган болсо, жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

1.6. Укук ээси Колдонуучуга ушул Лицензиянын англис тилинен башка тилдерге котормосун бере алат. Бирок англис тилиндеги Лецензия менен анын котормосунда карама-каршылыктар боло турган болсо Лицензиянын англис тилиндеги версиясынын гана милдеттүү юридикалык күчү болот.

 

Программага укуктар

2.1. Программага укук бир гана Укук ээсине таандык.

 

3. Лицензия

3.1. Укук ээси Колдонуучуга акысыз жөнөкөй (милдеттүү эмес) лицензиянын шарттарына ылайык Программаны дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөрдүн аймагында төмөнкү ыкмалар менен колдонууга өткөрүп берилгис укук берет.

3.1.1. Программаны өз багыты боюнча колдонуу, бул максатта аны Колдонуучунун мобилдик түзмөгүнө (түзмөктөрүнө) көчүрүү жана орнотуу (кайра иштеп чыгаруу). Колдонуучу Программаны чексиз сандагы мобилдик түзмөктөргө орнотуу укугуна ээ.

3.1.2. Программаны коммерциялык эмес максатта кайра иштеп чыгаруу жана жайылтуу (акысыз).

3.2. Программа Яндекс.Go аталышы менен колдонулушу (анын ичинде жайылтылышы) керек. Колдонуучунун Программанын аталышын, автордук укукту коргоо белгисин же Укук ээси көрсөтүлгөн башка белгилерди өзгөрткөнгө жана (же) өчүргөнгө укугу жок.

 

4. Чектөөлөр

4.1. Ушул Лицензияда түздөн-түз көрсөтүлгөн өлчөмдөр менен ыкмаларда колдонууну эске албаганда, Программада колдонулган алгоритмдердин ишке ашырылганы жөнүндө маалыматты алуу максатында Программанын объекттик кодун өзгөртүүгө, декомпиляциялоого, дизассемблирлөөгө, дешифровкалоого жана башка аракеттерди жасоого, Программаны, Программанын ар кандай компоненттерин, карталарды, Программа Колдонуучунун мобилдик түзмөгүнө сактаган сүрөттөрдү жана башка маалыматтарды колдонуу менен Укук ээсинин кат түрүндөгү уруксаты жок туундуу чыгармаларды түзүүгө, ошондой эле башка колдонууну ишке ашырууга (ишке ашырууга уруксат берүүгө) укугу жок.

4.2. Колдонуучунун Программаны коммерциялык максаттарда (анын ичинде акы алып), анын ичинде программалык продуктылардын топтомдорунун курамында, Укук ээсинин кат түрүндөгү уруксаты жок кайра чыгарууга жана жайылтууга укугу жок.

4.3 Колдонуучунун Программаны ал аны алгандагы түрүнөн айырмаланган түрүндө Укук ээсинин кат түрүндөгү уруксаты жок жайылтууга укугу жок.

 

5. Өзгөчө жоболор

5.1. Программанын кээ бир функцияларын Интернет тармагына жеткиликтүүлүк бар болгондо гана аткарууга мүмкүн. Колдонуучу андай жеткиликтүүлүктү өзүнүн байланыш операторунун же Интернет провайдеринин шарттары жана тарифтерине жараша өз алдынча төлөп алат.

5.2. Программа Колдонуучуга Колдонуучунун жүргүнчү жана жүк ташуу кызматтарына болгон ыктымалдуу суроо-талабы жөнүндө маалыматты жайгаштыруунун акысыз мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле көрсөтүлгөн тармакта кызмат көрсөткөн уюмдардын сунуштары жөнүндө маалыматтар менен таанышуу, жана Колдонуучу көрсөткөн параметрлер боюнча ушундай сунуштарды издөө мүмкүнчүлүгүн сунуш кылат.

5.3. Колдонуучуга Программанын (мындан ары — «Маалыматтар») алкагында жеткиликтүү маалымат, Укук ээсинин өнөктөштөрү тарабынан берилет. Сунушталган кызматтар (анын ичинде такси унаасында Wi-Fi'га кошулуу түйүнүнүн бар-жогу, Укук ээсинин өнөктөштөрүнүн такси унаасында фото-/видесъемка жүргүзүүсү же дагы башка маалыматтар тууралуу) жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн Колдонуучу Укук ээсинин өнөктөштөрүнө кайрыла алат же болбосо Программанын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, өзүнүн байланыш маалыматтарын бере алат. Колдонуучунун байланыш маалыматтары Укук ээсинин өнөктөштөрү тарабынан Колдонуучу менен өз алдынча байланышка чыгуу жана сунушталган кызматтар жөнүндө маалымат берүү үчүн колдонулушу мүмкүн.

5.4. Укук ээси өнөктөштөрү берген маалыматтын, анын ичинде өнөктөштөрдүн кызмат акылары, ошондой эле азыркы учурда кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнүн бар-жогу жөнүндө маалыматтардын мазмуну жана (же) актуалдуулугу үчүн жооптуу эмес.

5.5. Колдонуучунун өнөктөштөр менен кызматтарды сатып алуу маселелерине байланышкан өз ара аракеттенүүсү кызмат көрсөтүү боюнча өнөктөштөр тарабынан кабыл алынган эрежелерге ылайык (Укук ээсинин катышуусусуз) Колдонуучу тарабынан өз алдынча ишке ашырылат. Укук ээси Колдонуучу жана өнөктөштөр ишке ашырган финансылык жана башка операциялар үчүн, ошондой эле Колдонуучунун өнөктөштөрдөн сатып алган кызматтарынын ар кандай мүмкүн болуучу кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартпайт.

5.6. Колдонуучу Укук ээси Колдонуучунун жеке маалыматтарын (анын ичинде жеке маалыматтарды кошуп) кайра иштете алат, Колдонуучунун жеке маалыматтарын Укук ээсинин өнөктөштөрүнө бере алат, ошондой эле Укук ээсинин өнөктөштөрү жеке маалыматтарды Программанын алкагында Колдонуучуга кызмат көрсөтүү максатында иштете алат деген макул болот. Колдонуучу Программаны колдонгондо анын жеке маалыматы Купуялуулук саясаты менен аныкталган шарттар менен максаттарда кайра иштетүүгө берилет, бул шилтеме боюнча жеткиликтүү: https://yandexgo.com/legal/yandexgo_privacy_notice.

5.7. Колдонуучу ушуну менен Программа Программаны колдонууда жеке мүнөздүү эмес статистикалык маалыматтарды чогулта алат жана ал маалыматтарды автоматтык түрдө Укук ээсине өткөрүп бере аларын түшүнөт, ага макул жана кабардар болот.

5.8. Программаны колдонуу жана катталуу үчүн Колдонуучунун мобилдик телефонунун номерин көрсөтүү керек. Колдонуучу Программаны Колдонуучунун мобилдик түзмөгүнүн эс тутумунан өчүргөндө, Колдонуучунун Яндекс.Такси тарабынан Колдонуучунун мобилдик телефонунун номерин жана Программанын колдонмосун колдонуу менен Программада авторизациялоодо алынган жеке маалыматты Сервисте 1 (бир) жылдык мөөнөткө сакталат. Программаны түзмөккө кайра орнотуууда жана идентификатор катары ошол эле уюлдук телефон номери аркылуу катталганда, Колдонуучунун аталган уюлдук телефон номерин көрсөтүү менен берилген жеке маалыматы толугу менен калыбына келтирилет.

5.9. Шектенүүлөр болбошу үчүн Яндекс.Такси жүргүнчү жана жүк ташуу кызматтарын жана маалыматтык-диспетчердик кызматтарды көрсөтпөйт.

 

6. Лицензия боюнча жоопкерчилик

6.1. Программа «кандай болсо ошондой» деген шарттар менен берилет. Укук ээси Программа же анын айрым компоненттери жана (же) функциялары катасыз жана үзгүлтүксүз иштеп берет, Программа Колдонуучунун белгилүү бир максаттарына жооп берет деген эч бир кепилдик бербейт, маалыматтардын аныктыгына, тактыгына, толуктугуна жана Берилиштердин кечиктирилбесине кепилдик бербейт, ошондой эле ушул Лицензияда түз көрсөтүлбөгөн башка кепилдиктерди бербейт.

6.2. Укук ээси Программаны (анын ичинде Берилиштерди кошуп) колдонуунун же колдонуу мүмкүн эместигинин тике же кыйыр кесепеттери үчүн жана (же) Программаны (анын ичинде Берилиштерди кошуп) же анын айрым бир компоненттерин жана (же) функцияларын, анын ичинде мүмкүн болуучу каталардан же Программанын ишиндеги үзгүлтүктөрдөн улам Колдонуучуга жана (же) үчүнчү жактарга кандайдыр бир колдонуунун, колдонбоонун же колдонуу мүмкүн эместигинен улам тийгизилген зыян үчүн мыйзамда так каралган учурлардан башкасында жоопкерчилик тартпайт.

6.3. Программаны же Берилиштерди колдонуу / колдонуу мүмкүн эместигине, ошондой эле Программа же Берилиштер мыйзамды жана (же) үчүнчү жактардын укугун бузган болушу ыктымалдыгына байланыштуу суроо жана дооматтар кайра байланышуу формасы аркылуу бул дарекке жөнөтүлүшү керек: support@taxi.yandex.com

6.4. Ушул Лицензия жана Программаны колдонууга байланышкан өз ара аракеттенүүнүн бардыгы Нидерланддын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

 

7. Жаңыртуулар / Программанын жаңы версиялары

7.1. Ушул Лицензиянын күчү Программанын бардык кийинки жаңыртууларына / жаңы версияларына жайылтылат. Программанын жаңыртууларын / жаңы версияны орнотууга макулдук берүү менен, Колдонуучу эгер жаңыртуулар / Программанын жаңы версиясы башка Лицензиялык макулдашуу менен коштолбосо тийиштүү жаңыртуулар / Программанын жаңы версиялары үчүн ушул Лицензиянын шарттарын кабыл алат.

 

8. Ушул Лицензиянын шарттарын өзгөртүү

8.1. Ушул лицензиялык келишим Укук ээси тарабынан бир тараптуу тартипте өзгөртүлө алат. Ушул Лицензиянын шарттарына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу Колдонуучуга билдирүү бул дарек боюнча жайгаштырылат:https://yandex.com/legal/yandexgo_mobile_agreement. Лицензиялык келишимдин шарттарында көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр алар Жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, эгерде тийиштүү жарыясында башкасы көрсөтүлбөсө.

 

«Яндекс.Таксинин» реквизиттери

«Яндекс.Такси Корп» ЖЧК

Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58А

Каттоо номери: 204361-3300-ООО

Укук ээси менен кошумча Яндекс Go мобилдик колдонмосу аркылуу байланышса болот.

Эл. дарек: support@taxi.yandex.com

Жарыяланган күнү: 04.05.2023

Азыркы редакциянын күчүнө кире турган күнү: 03.05.2023