Yandex.Go

Yandex.Taxi (Яндекс Go) сервисин колдонуу шарттары
Бул документтин эски версиясы, анын жарактуулугу токтотулган. Жарактуу версия төмөнкү даректе жайгаштырылган: https://yandexgo.com/legal/yandexgo_termsofuse/
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Шарттар (мындан ары — «Шарттар») төмөндө 4-пунктта көрсөтүлгөндөй Интернет тармагынын колдонуучусуна (мындан ары — «Колдонуучу») компаниянын (мындан ары — «Яндекс.Такси») Яндекс.Такси (Яндекс Go) сервисин (мындан ары — «Сервис») колдонуу сунушун түшүндүрөт.
1.2. Колдонуучунун Сервисти колдонуусу ушул Шарттар жана Купуялык саясаты менен жөнгө салынат (https://yandexgo.com/legal/yandexgo_privacy_notice)
(мындан ары — «Жөнгө салуучу документтер»).
1.3. Сервисти / анын айрым функцияларын колдонуп баштаганда, Колдонуучу ушул Шарттарды, жана ошондой эле Жөнгө салуучу документтердин шарттарын толук бойдон, эч кандай эскертмесиз жана эрежеден тышкары бөтөнчө түшүндүрмөлөрсүз кабыл алган болуп саналат. Колдонуучу Шарттардын жана (же) Жөнгө салуучу документтердин кандайдыр бир жобосуна макул эмес болсо, анда ал Сервисти колдонууга укуксуз.
1.4. Яндекс.Такси каалаган убакта Колдонуучуну эскертпестен ушул Шарттардын жана Жөнгө салуучу документтердин жоболорун өзгөртүүгө укуктуу. Ушул Шарттардын азыркы учурда өз күчүндө болгон редакциясы бул дарек боюнча жеткиликтүү: https://yandexgo.com/legal/yandexgo_termsofuse. Шарттардын жана Жөнгө салуучу документтердин жаңы редакциясы менен таанышпай калуу тобокели Колдонуучунун өзүндө болот, Шарттар жана Жөнгө салуучу документтер өзгөртүлгөндөн кийин Сервисти колдонууну улантуу алардын жаңы редакциясына макул болууну билдирет.
1.5. Эгер «Яндекс» компаниясы ушул Шарттардын 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте ушул Шарттарга өзгөртүү киргизип, Колдонуучу аларга макул эмес болсо, Колдонуучу Сервисти колдонгонун токтотууга милдеттүү.
1.6. Сервис Колдонуучуга Колдонуучунун жүргүнчү жана багаж/жүк ташуу кызматтарына болгон ыктымалдуу суроо-талабы жөнүндө маалыматты жайгаштыруунун акысыз мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле көрсөтүлгөн тармакта кызмат көрсөткөн уюмдардын сунуштары тууралуу маалыматтар менен таанышуу, жана Колдонуучу көрсөткөн параметрлер боюнча ушундай сунуштарды издөө мүмкүнчүлүгүн сунуш кылат. Азыркы учурда Сервистин бардык иштеген функциялары, ошондой эле алардын ар түрдүүчө өнүгүшү жана (же) жаңы функциялардын кошулушу ушул Шарттардын предмети болуп саналат.
1.7. Колдонуучунун аймагына жараша Сервистин бардык же айрым функциялары жеткиликсиз же чектелген болушу мүмкүн. Эгер белгилүү бир аймактагы Колдонуучу сервистин кандайдыр бир функцияларын иш жүзүндө колдоно албаса, мындай Колдонуучу үчүн ошол функциялар жеткиликсиз (чектелген) болуп саналат. Мындай чектөөлөрдү ашып өтүү үчүн бардык техникалык жана программалык ыкмаларды колдонууга тыюу салынат. Ушул Шарттардын Колдонуучу үчүн Сервистин жеткиликсиз (чектелген) функцияларын жөнгө салган жоболору мындай функциялар Колдонуучу үчүн иш жүзүндө жеткиликтүү болмоюнча колдонулбайт. Сервистин функциялары белгилүү бир аймакта жеткиликтүү болуп-болбогону жөнүндө маалымат Колдонуучуга анын Яндекс.Таксиге жиберген сурамынын негизинде берилет.
1.8. Ар кандай күмөндөрдү келтирбеш үчүн Яндекс.Такси жүргүнчү жана багаж/жүк ташуу кызматтарын жана маалыматтык-диспетчердик кызматтарды көрсөтпөй турганын билдирет.
1.9. Колдонуучунун колдоо борбору жана Сервистин өнөктөш айдоочулары менен жүргүзгөн сүйлөшүү, кат алышуулары сапат текшерүү жана кызматтардын сапатын жакшыртуу максаты менен жазылышы мүмкүн.
1.10. Колдонуучу Сервисти колдонуп жатып, жарнамалык мүнөздөгү билдирүүлөрдү алууга өз макулдугун берген болот. Колдонуучу жарнамалык мүнөздөгү билдирүүлөрдү алуудан баш тартууга укуктуу, бул үчүн Сервистин тийиштүү функционалын иштетүү же жарнамалык мүнөздөгү билдирүүдө көрсөтүлгөн инструкцияларды аткарыш керек.
2. Сервисти колдонуу. Сервистин айрым функциялары
2.1. Сервис Колдонуучуга коммерциялык эмес максатта жеке өзү үчүн колдонууга берилет.
2.2. Жүргүнчү жана багаж/жүк ташуу боюнча маалымат (мындан ары — «Маалымат») Сервистин өнөктөштөрү тарабынан берилет. Өнөктөштөрдүн тизмеси http://taxi.yandex.com/partners веб-дарегинде берилген. Сунушталган кызматтар (анын ичинде такси унаасында Wi-Fi'га кошулуу пунктунун бар-жогу, Укук ээсинин өнөктөштөрүнүн такси унааларында фото-/видеожазуу же дагы башка маалыматтар) жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн Колдонуучу Сервистин өнөктөштөрүнө кайрыла алат, же болбосо Сервистин функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, өзүнүн байланыш маалыматтарын бере алат. Колдонуучунун байланыш маалыматтары Сервистин өнөктөштөрү тарабынан Колдонуучу менен өз алдынча байланышка чыгуу жана сунушталган кызматтар жөнүндө маалымат берүү үчүн колдонулушу мүмкүн.
2.3. Яндекс.Такси Сервистин өнөктөштөрү берген маалыматтын, анын ичинде өнөктөштөрдүн кызматтарынын наркы, ошондой эле азыркы учурда кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнүн бар-жогу жөнүндө маалыматтардын мазмуну жана (же) актуалдуулугу үчүн жооптуу эмес. Өнөктөштөр кабыл алган кызмат көрсөтүү эрежелерине ылайык, Колдонуучу Сервис өнөктөштөрү менен алардын кызматтарын сатып алуу маселелери боюнча өз алдынча (Яндекс.Таксинин катышуусусуз) аракеттешет. Яндекс.Такси Колдонуучу жана өнөктөштөр тарабынан жүргүзүлгөн финансылык жана башка операциялар, ошондой эле Колдонуучунун өнөктөштөрдөн кызматтарды сатып алуу үчүн келип чыгышы мүмкүн болгон бардык кесепеттер үчүн жоопкерчилик тартпайт.
2.4. Колдонуучуга Сервистин өнөктөштөрү көрсөткөн кызматтары үчүн баа коюу, ошондой эле Сервис жана (же) Сервис өнөктөштөрүнүн кызматтары жөнүндө сын-пикир/комментарий калтыруу функциялары жеткиликтүү болушу мүмкүн. Колдонуучулардын сын-пикирлерин жана койгон баалары Сервистин сайтында жайгаштырылат, ошондой эле үчүнчү жактардын сайттарында да орун алышы мүмкүн. Яндекс.Такси каалагандай сын-пикирлерди/бааларды жайгаштыруудан баш тартууга, ошондой эле өз ыктыяры боюнча, себебин көрсөтпөстөн Колдонуучу калтырган сын-пикирди/бааны каалаган маалда өчүрүүгө/бөгөттөөгө укуктуу.
Ошондой эле, Колдонуучуга Сервисте айдоочулар тарабынан акыркы 40 сапардагы баалардын орточо маанисинин негизинде түзүлгөн сапарларга берилген баалар жөнүндө жалпыланган маалымат жеткиликтүү болушу мүмкүн. Функция жөнүндө кененирээк маалымат бул шилтеме боюнча жеткиликтүү — https://taxi.yandex.ru/action/rating_kg.
2.5. Яндекс.Такси өз ыктыяры боюнча Колдонуучуну Сервиске (же техникалык жактан мүмкүн болсо, Сервистин айрым функцияларына) карата анын аккаунтун колдонуу менен жеткиликтүүлүгүн чектөө, ушул Шарттарды көп жолу бузган учурда Колдонуучунун аккаунтун толугу менен бөгөттөө, же болбосо, мыйзамдын талаптарын же үчүнчү жактардын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максаты менен Колдонуучуга карата башка чараларды көрүү укугуна ээ.
2.6. Такси кызматына чоң суроо-талап болуп жаткан мезгилдерде (анын ичинде майрам алды күндөрү, массалык иш-чаралар уюштурулган күндөрү, же башка учурларда) Сервистин тарифтери кымбатташы мүмкүн. Яндекс.Такси тарифтеринин көтөрүлүшү жөнүндө Сервистин http://taxi.yandex.com сайтындагы тийиштүү кулактандыруу аркылуу, же Яндекс.Таксинин өз ыктыяры боюнча башка ыкмалар менен, анын ичинде, башкадан тышкары Колдонуучуга мобилдик телефонун номерине маалыматтык билдирүү жиберүү аркылуу да билдирет.
2.7. Сервисте көрсөтүлгөн «Эконом», «Комфорт», «Бизнес» жана башка тарифтер боюнча жүргүнчү жана багаж/жүк ташуу кызматтары ар кандай класстагы автоунаалардын жардамы менен көрсөтүлөт. Автоунааны тигил же бул класска киргизүү Сервис өнөктөштөрү автоунаалардын техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө берген маалыматтардын негизинде автоматтык түрдө ишке ашырылат.
2.8. Суроо-талапты жокко чыгаруу үчүн төмөнкүдөй учурларда акы алынышы мүмкүн:
(1) Колдонуучу унаа берилгенден кийин сервис аркылуу суроо-талапты жокко чыгарган же берилген унаага ал берилген учурдан тартып 30 мүнөттүн ичинде чыкпаган учурда (акысыз күтүү убактысын эске алуу менен).
Бул учурда, төлөнүүчү жокко чыгаруунун наркы төмөнкү сумма катары эсептелет:
(а) тиешелүү тарифтин чегинде минималдуу нарк жана
(б) акысыз күтүү мүнөттөрүнүн санынан ашкан, бирок 30 мүнөттөн ашык эмес күтүү мүнөттөрүнүн санын, Колдонуучу тандап алган тарифке ылайык акы төлөнүүчү күтүүнүн бир мүнөтүнүн наркына көбөйтүү.
(2) Колдонуучу унааны акы төлөнүүчү берүү сервиси аркылуу суроо-талапты ал сервистин интерфейсинде тастыкталган учурдан тартып 3 (үч) мүнөт өткөндөн кийин жокко чыгарган учурда .
Бул учурда акы төлөнүүчү жокко чыгаруунун наркы тиешелүү тариф боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу наркынын жана акы төлөнүүчү берүү наркынын суммасынан ашпайт.
Акы төлөнүүчү берүү менен суроо-талапты жокко чыгаруу үчүн, эгерде транспорт каражатын берүүнүн болжолдуу убактысы суроо-талап ырасталган учурда сервис интерфейсинде көрсөтүлгөн убакытка салыштырмалуу 2 мүнөттөн ашык көбөйгөн болсо, төлөм алынбайт
(3) Аэропортко суроо-талапты акы төлөнүүчү жокко чыгарууда, тариф боюнча автоунааны шаардын чегинен тышкары берүү катары эсептелген берүү наркын кошпогондо, шаар боюнча тарифтик баалар колдонулат.
2.9. Сервисти колдонуп жатып, Колдонуучу Яндекс.Таксиге Колдонуучунун жеке маалыматын (анын ичинде жеке өздүгүнө байланыштуу маалыматтарды) Сервистин алкагында Колдонуучуга кызмат көрсөтүү максатында иштетүүгө, Колдонуучунун персоналдык маалыматын Яндекс.Таксинин өнөктөштөрүнө берүүгө жана персоналдык маалыматтын Яндекс.Таксинин өнөктөштөрү тарабынан иштетилишине макулдугун берет. Сервисти колдонууда Колдонуучунун персоналдык маалыматы Купуялык саясатында белгиленген максаттар үчүн тийиштүү шарттарда иштетүү үчүн алынат (трансчек аралык берүүнү кошкондо). Купуялык саясаты: (https://yandexgo.com/legal/yandexgo_privacy_notice).
2.10. Жеткирүү кызматына буйрутма бергенде, Колдонуучу төмөнкү буюмдарды ташытпай турганына милдеттендирилет:
- ок атуучу курал, жарандык жана кызматтык курал, ок-дары, курал-жарактардын тетиктери, кошумча бөлүктөрү, спорттук жаалар, арбалеттер, жарык, түтүн, үн белгилерин берүүчү куралдар, электр куралдары, электрошок түзмөктөрү жана учкун дүрмөттөгүчтөрү, бычак, кылыч, балта, айбалта, чокмор, канжар, штык, найза сыяктуу кесүүчү, жаруучу, тилүүчү, союучу куралдар, замбиректер, кастеттер, сурикендер, бумерангдар, кооптуу спорттук снаряддар;
- баңгизаттар, психотроптук заттар, прекурсордор жана алардын альтернативалары;
- өзөктүк куралдардын материалдары, радиоактивдүү, катуу таасир берүүчү, бузуп-кыйратуучу, жарылуучу, оңой өрттөнүп кетүүчү заттар, пиротехникалык каражаттар, аларды колдонуу үчүн керектүү шаймандар, жана башка кооптуу заттар;
- уулар, уулуу жаныбарлар, уулуу заттар, жана уулуу өсүмдүктөрдүн уруктары;
- улуттук жана чет элдик валюта;
- мазмунунда конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүнүн, мамлекеттин бүтүндүгүн, мамлекеттик коопсуздугун бузуунун, согуштун, социалдык, расалык, улуттук, диний, уруулук, таптык үстөмдүктүн, зөөкүрдүктүн, мыкаачылыктын, зордук-зомбулуктун, порнографиянын пропагандасын жана үгүтүн камтыган басылмалар, көркөм материалдар, кино-, фото-, аудио-, видеоматериалдар;
- тез бузулуп кетүүчү азык-түлүк;
- өз мүнөзү же таңгагы/оролмосу боюнча адамдарга зыян келтириши, айлана-чөйрөдөгү адамдарды, буюмдарды, башка жүктөрдү булгашы же бузушу (иштен чыгарышы, бүлдүрүшү) мүмкүн болгон буюмдар жана заттар;
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр, биологиялык материалдар;
- атайын жабдылган транспорттук каражаттарды талап кылган буюмдар, анын ичинде азык-түлүк;
- оозу бекитилбеген идиштеги суюктуктар;
- узундугу 180 см, туурасы 100 см, бийиктиги 90 см ашып кеткен ири габариттүү буюмдар (өзгөчө сүйлөшүлгөн учурлардан тышкары); жиберилип жаткан жүктүн салмагы 20 кг ашпашы керек;
- оролбогон, таңгакталбаган оңой сынып кетүүчү тетиктер;
- колдонууга тыюу салынган же чектелген башка каалагандай буюмдар.
Бул талаптар ири көлөмдүү буюмдарды ташууга байланыштуу чектөөлөрдөн тышкары, жүк ташуу кызматынын колдонуучусунун буйрутмасына толугу менен колдонулат.
Сервис өнөктөштөрү жүк ташуу жана курьердик жеткирүүгө байланыштуу башка чектөөлөрдү коё алышат.
Колдонуучу жогоруда белгиленген талаптар менен таанышып, алар аткарылбаган учурда сервис өнөктөштөрү тарабынан жүк ташууда жана / же курьердик кызматтарды көрсөтүүдө пайда болушу мүмкүн болгон ар кандай кесепеттер үчүн өз алдынча жоопкерчилик тарта турганын ырастайт.
Ошол эле учурда, эгер сервис өнөктөшү / өнөктөштүн өкүлү жеткириле жана / же ташыла албай турган буюмдарды аныкташса, сервис өнөктөшү Колдонуучуга кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга укуктуу.
2.11. Колдонуучунун Сурамы боюнча жүк ташуу, Такси Кызматы тарабынан жүк ташуу үчүн тараптардын жазуу түрүндө түзгөн транспорт каражатын фрахттоо келишиминин негизинде ишке ашырылат.
Ушул Шарттардын жана жүк ташуу үчүн транспорт каражатын фрахттоо келишиминин негизинде жүк ташуу Колдонуучунун (жүк ээсинин) же анын өкүлүнүн коштоосунда гана ишке ашырылат. Такси Кызматынын жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүсү Колдонуучу көрсөткөн кишинин дареги боюнча жүргүзүлсө, бул киши жүк ээсинин өкүлү болуп саналат жана ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана фрахттоо келишиминин шарттарында каралган укук жана милдеттерди аткарат.
2.12. Такси кызматына суроо-талап чоң болгон мезгилдерде (анын ичинде майрам алды күндөрү, массалык иш-чаралар жүргүзүлгөн күндөрү жана башка учурларда) Яндекс Go мобилдик колдонмосунда Колдонуучуга «Комбо» (буга чейинки «Жолоочу / Бирге») опциясы ачык болушу мүмкүн, бул тууралуу Яндекс Go мобилдик колдонмосунда же Яндекс.Таксинин өз ыктыяры боюнча башка ыкмалар менен тийиштүү маалыматты жайгаштыруу аркылуу кабарланат. Мындай опциянын алкагында Такси Кызматы сапарды аткаруу учурунда башка Колдонуучунун Сурамын кабыл алууга жана эки Колдонуучуну алардын Сурамдарынын алкагында бир транспорт каражатында бир убакта бир багытта бирге ташууга (эки Сурамды бир убакта аткарууга) укуктуу.
Колдонуучу тарабынан «Комбо» опциясы колдонулуп Сурам жайгаштырылганда, Колдонуучу бул опциянын алкагында коюлган шарттарга жана чектөөлөргө, анын ичинде төмөнкүлөргө макул болгонун ырастайт:
-
сапарды аткаруу учурунда Такси Кызматы аткаруу үчүн башка Колдонуучунун Сурамын кабыл алууга укуктуу, буга байланыштуу төмөнкүлөр болушу мүмкүн: а) экинчи Сурамды аткаруу максаты менен сапардын маршрутунун өзгөрүшү, б) жол жүрүүгө алдын ала эсептелген убакыттын созулушу;
-
Колдонуучу тарабынан «Комбо» опциясы колдонулуп Сурам жайгаштырылганда, мындай Сурамдын алкагында сапарга бир гана жүргүнчү чыга алат. Демек, мындай учур «Комбо» опциясынын алкагында бир убакта эки Сурамды аткаруу учурунда транспорт каражатында эки гана жүргүнчү боло алат дегенди билдирет;
-
Сурамдарды аткаруу учурунда сапар маршруту Сервистин алгоритмдерине ылайык же Такси Кызматынын өз ыктыяры боюнча аныкталат.
Сервис өнөктөштөрү кошумча чектөөлөрдү, анын ичинде жүргүнчүлөрдүн жүгүнүн көлөмүнө байланыштуу чектөөлөрдү коюшу мүмкүн. Сервис өнөктөштөрү Колдонуучу коюлган талаптарды аткарбаган учурда Колдонуучуну сапарга чыгаруудан баш тартууга укуктуу.
3. Жүргүнчү жана багаж ташуу боюнча Сервистеги нак эмес төлөм жүргүзүү функциясы
3.1. Колдонуучу Сервисти колдонуп, тийиштүү кызматка карата ыктымалдуу суроо-талап жөнүндө жайгаштырган маалыматка ылайык, ага көрсөтүлгөн жүргүнчү жана багаж/жүк ташуу боюнча кызматтын акысын төлөө Колдонуучу тарабынан төмөнкүчө аткарылышы мүмкүн:
3.1.1. Такси кызматына түздөн-түз түрдө (анын ичинде нак акча, же, эгер мындайлар бар болсо, такси кызматы көрсөткөн башка ыкмалар менен, мындан ары ушул Шарттардын текстинде жана Сервистин интерфейсинде «Нак акча» деп белгиленет). Төлөөнүн бул түрү Яндекс.Таксинин катышуусу жок ишке ашырылат жана ушул Шарттар менен жөнгө салынбайт.
3.1.2. Колдонуучуга колдонмого Байланган банк картасы аркылуу нак эмес төлөм жүргүзүү функциясы (ушул Шарттардын 3.2.-пункту) жеткиликтүү болушу мүмкүн; мындай учурда Яндекс.Такси тийиштүү такси кызматынын тапшырмасы боюнча же башка негизде, төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктуу оператордун же электрондук акча каражаттарынын операторунун, же болбосо, алыш-бериш же маалыматтык өз ара аракеттешүү операцияларын жүргүзүү менен иштеген жана такси кызматынын агенти катары, же башка сапатта төлөм алуучу болгон башка жактын тартылышы менен иш жүргүзөт. Яндекс.Такси нак эмес төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө байланыштуу Сервистин ишинде каталардын жана мүчүлүштүктөрдүн болбой тургандыгына кепилдик бербейт.
Колдонуучунун аймагына жараша, нак эмес төлөмдөр Яндекс.Таксини ортодо төлөм алуучу катары катыштырбай, же болбосо Яндекс.Таксини эсептешүүлөрдүн бөлөк катышуучусу же маалыматтык өз ара аракеттешүүнүн катышуучусу катары тартуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Төлөм жүргүзүүнүн тийиштүү формасы Колдонуучу тарабынан Сервистин интерфейсинде тандалат. Мында, ар кандай себептерге байланыштуу нак эмес төлөмдү жүргүзүү мүмкүн болбой калганда (анын ичинде, бирок ошол менен гана чектелбестен, Байланган картаны колдонуу менен нак эмес төлөм жүргүзүүдөгү убактылуу же туруктуу техникалык жеткистик, Байланган картада акча каражаттарынын жетишсиздиги) Колдонуучу төлөмдү накталай түрдө жүргүзүүгө милдеттендирилет.
Нак эмес төлөм жүргүзүүдө жүргүнчү жана багаж/жүк ташуу кызматынын наркын толук бойдон бир транзакция менен, же болбосо сапар учурунда да, сапар бүткөндө да кызмат наркын бөлүп-бөлүп, бир нече транзакция менен да төлөсө болот.
Нак эмес төлөмдү жүргүзүүдө, Колдонуучу жүргүнчү жана багаж/жүк ташуу кызматынын акысын төлөө менен бирге, өз ыктыяры боюнча такси кызматынын пайдасына жүргүнчү жана багаж/жүк ташуу кызматынын төлөнүп жаткан наркына жараша пайыздык катыштагы кошумча нак эмес төлөмдү да жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар (ушул Шарттардын текстинде жана Сервистин интерфейсинде — «Чайпул»).
3.2. Байланган банк картасы Колдонуучу тарабынан Сервистин интерфейсинде көрсөтүлөт, мында Колдонуучу төмөнкү маалыматтарды берет:
- банк картасынын номери;
- жарактуу мөөнөтү;
- коргоо коду.
Эгер банк картасынын маалыматтары туура, анык, жана бул картаны Сервистин алкагында колдонуу техникалык жактан мүмкүн болсо, көрсөтүлгөн банк картасы Байланган банк картасынын макамын алат жана нак эмес төлөм жүргүзүү үчүн колдонулушу мүмкүн (ушул Шарттардын 3.1.2.-пукнту). Байланган банк карталарынын баары Сервистин интерфейсинде чагылдырылат; Колдонуучунун Байланган банк картасын пайдалануудагы ыңгайлуулук үчүн Байланган банк картасынын акыркы 4 саны гана чагылдырылат.
3.2.1. Колдонуучу Байланган банк картасы жөнүндөгү маалыматты Сервис жана ошондой эле Байланган банк картасы жөнүндө маалыматты Яндекс.Таксиге бербестен, Колдонуучунун төлөмүн авторизациялаган алыш-бериш катышуучулары менен интеграцияны колдогон бөлөк сервистердин интерфейсинде да көрсөтө алат. Мындай учурда ушул документтин 3.2 жана 3.3.-пунктуларынын жоболору колдонулбайт.
Ушул документте көрсөтүлгөн бөлөк сервистерди колдонуу ошол сервистердин эрежелери менен жөнгө салынат. Яндекс.Такси Колдонуучунун мындай бөлөк сервистерди колдонгону үчүн жоопкерчилик тартпайт жана мындай бөлөк сервистердин туура жана коопсуз ишине кепилдик бербейт.
3.3. Байланган банк картасын кошууда, ошондой эле Колдонуучу конкреттүү бир сапардын акысын нак эмес ыкма менен төлөө функциясын тандаганда 105 сом акча суммасы эсептен чыгарылат. Бул амал Байланган картанын маалыматтарынын тактыгын жана аныктыгын ырастоого керек; транзакция ийгиликтүү аткарылган учурда бул сумма Колдонуучуга кайтарылат. Бул сумманы эсептен чыгаруу ийгиликсиз болушу Байланган картаны кошуу мүмкүн эместигин жана (же) буга жараша нак эмес төлөм жүргүзүү функциясынын жеткиликсиздигин түшүндүрөт.
3.4. Байланган банк картасын кошууда, ошондой эле ал кошулгандан кийин каалаган убакта, Колдонуучуда Сервистин интерфейси аркылуу Чайпулдун абалкы өлчөмүн орнотуу жана (же) өзгөртүү мүмкүнчүлүгү болот; конкреттүү бир сапар үчүн Чайпулдун өлчөмү ошол сапар бүткөндөн кийин Сервистин интерфейсинде Колдонуучу тарабынан өзгөртүлө алат.
3.5. Эгер Колдонуучу сапар бүткөндөн кийин 30 мүнөт ичинде Сервистин интерфейсинде сапарга оң баа (4–5 жылдыз) берип, «Даяр» баскычын басса, же болбосо сапарга оң да, терс да баа койбой (жылдыздардын санын көрсөтпөй) туруп, «Даяр» баскычын басса, Чайпул (абалкы өлчөмүндө же Колдонуучу тарабынан конкреттүү бир сапар үчүн көрсөтүлгөн өлчөмдө) Байланган банк картасынан чегерилип алынат.
3.6. Эгер Колдонуучу сапар бүткөндөн кийин 30 мүнөт ичинде Сервистин интерфейсинде сапарга терс баа (1–3 жылдыз) берип, «Даяр» баскычын басса, Чайпул Байланган банк картасынан чегерилбейт.
3.7. Эгер Колдонуучу сапар бүткөндөн кийин 30 мүнөт ичинде «Даяр» баскычын баспаса, Чайпул суммасы (абалкы өлчөмүндө же Колдонуучу тарабынан конкреттүү бир сапар үчүн көрсөтүлгөн өлчөмдө) Байланган банк картасында 24 сааттык мөөнөткө бөгөттөлөт, бул убакыт ичинде Колдонуучу ушул сапар боюнча Чайпулдун өлчөмүн көбөйтүү же азайтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул убакыт өткөндөн кийин Чайпул (абалкы түрдө же конкреттүү ушул сапар үчүн) Колдонуучу көрсөткөн өлчөмдө чегерилет.
3.8. Нак эмес төлөм жүргүзүү Колдонуучу тарабынан төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктуу оператордун же электрондук акча каражаттарынын операторунун катышуусу менен ишке ашырылат жана эл аралык төлөм системаларынын, банктардын (анын ичинде Байланган банк картасын басып чыгарган банктын) жана эсептешүүлөрдүн башка катышуучуларынын эрежелери менен жөнгө салынат.
3.9. Ушул Шарттардын 3.2.-пунктуна жараша өз маалыматтарын берип, мындан ары Байланган банк картасын колдонгондо, Колдонуучу өз атына берилген жарактуу банк картасы тууралуу анык жана толук маалыматты бергенин; эл аралык төлөм системаларынын эрежелерин жана Байланган банк картасын басып чыгарган эмитент-банктын талаптарын, анын ичинде нак эмес төлөм жүргүзүү тартибине байланыштуу эрежелерин сактап, аткара турганын ырастайт жана кепилдик берет.
3.10. Колдонуучу Сервистин алкагында, анын ичинде Байланган банк картасы колдонулган нак эмес төлөмдөр боюнча жүргүзүлгөн, ал ырастап берген мобилдик телефон номери аркылуу аткарылган бардык амалдар Колдонуучунун өзү тарабынан аткарылганын түшүнөт жана буга макул болот.
3.11. Колдонуучу нак эмес төлөмдү жүргүзүү фактысына жана (же) суммасына жана Сервистин алкагында Байланган банк картасын колдонууга байланыштуу башка маселелер боюнча Яндекс.Таксиге Сервис көрсөткөн телефондор жана (же) колдоо кызматынын (кайра байланышуу) интерфейси аркылуу нак эмес төлөм жүргүзүлгөн же кайрылууга себеп болгон башка амал же окуялар орун алган күндөн кийин 14 күн ичинде кайрылууга укуктуу.
Эгер бул кайрылуу боюнча текшерүүнүн натыйжасында Яндекс.Такси нак эмес төлөм суммасын толук же жарым-жартылай түрдө кайтарып берүү чечимин чыгарса, көрсөтүлгөн кайтарылып берилүүчү сумма нак эмес төлөм жүргүзүлгөн банк картасынын банк эсебине которулат. Акча каражаттарын кайтарып берүү төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктуу оператордун же электрондук акча каражаттарынын операторунун катышуусу менен ишке ашырылат жана эл аралык төлөм системаларынын, банктардын (анын ичинде Байланган банк картасын басып чыгарган банктын) жана эсептешүүлөрдүн башка катышуучуларынын эрежелери менен жөнгө салынат. Яндекс.Такси Байланган банк картасы боюнча эсептешүүлөрдүн катышуучусу болбогон учурда, Яндекс.Такси Колдонуучулардын жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча кайрылууларын такси кызматтарына, диспетчердик бөлүмдөргө же жогоруда көрсөтүлгөн Байланган банк карталар менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча төлөмдөрдү алган жактарга бере турган жак болуп бере алат.
3.12. Яндекс.Такси каалаган учурда Колдонуучудан ал Сервис алкагында көрсөткөн маалыматтардын ырасталышын, анын ичинде колдонмого Байланган банк картасынын маалыматтарын, буга байланыштуу ырастоочу документтерди (тагыраак айтканда адамдын текжайын билдирүүчү документтерди) талап кылууга укуктуу. Талап кылынган маалыматтардын берилбеши Яндекс.Таксинин ою боюнча анык эмес маалыматтардын берилишине теңелиши жана ушул Шарттардын 2.5.-пунктунда каралган кесепеттерди алып келиши мүмкүн.
3.13. Жүргүнчү жана жүк/багаж ташуу кызмат наркын төлөө шарттары жана тартиби жөнүндөгү ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн жоболор, Яндекс.Такси менен үчүнчү жактын ортосунда түзүлгөн өзүнчө келишимдин шарттарына жараша, Колдонуучунун ордуна ошол үчүнчү жак тарабынан төлөм жүргүзүлгөн учурда колдонулбайт.
3.14. Тийиштүү техникалык мүмкүнчүлүк болгон учурда, «Яндекс» Колдонуучуга «Мбанк» төлөм системасы аркылуу төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө укуктуу. Ушул төлөм ыкмасын кошууну Колдонуучу өз алдынча ишке ашырат. «Мбанк» ААК тарабынан ийгиликтүү туташтырылгандан жана ырасталгандан кийин, «Mbank» төлөм ыкмасы тандалганда, сапарлар үчүн акча каражаттары Колдонуучудан ар бир операцияны кошумча ырастоосуз эле автоматтык түрдө өндүрүлүп алынат. Ушул төлөм ыкмасын тандоо менен, Колдонуучу өзүнүн жеке маалыматтарын (телефон номерин) төлөмдү ишке ашыруу максатында «Мбанк» ААКка өткөрүп берүүгө макулдугун тастыктайт. Жеке маалыматтардын кандай тартипте иштелип чыгаары тууралуу кеңири маалымат менен төмөнкү дарек аркылуу таанышууга болот: Жеке маалыматтарды иштетүү жөнүндө билдирүү (https://yandexgo.com/legal/yandexgo_privacy_notice/).
4. Яндекс.Таксинин реквизиттери
«СапарТех КейДжи» ЖЧК
Кыргыз Республикасы, Бишкек, Октябрь району, Горький к., 1/2, ТРСЦ «Технопарк»
Каттоо номери: 204361-3300-ООО
Эл. дарек: support@taxi.yandex.com
Яндекс.Такси менен кошумча түрдө Яндекс Go мобилдик колдонмосу аркылуу да байланышса болот.
Жарыяланган күнү: 29.01.2026
Азыркы редакциянын күчүнө кире турган күнү: 29.01.2026
Документтин мурунку версиясы: https://yandex.com/legal/yandexgo_termsofuse/21082025/
Документтин мурунку версиясы: https://yandex.com/legal/yandexgo_termsofuse/09072025/
Документтин мурунку версиясы: https://yandex.com/legal/yandexgo_termsofuse/14052025/
Документтин мурунку версиясы: https://yandex.com/legal/yandexgo_termsofuse/04102024/
Документтин мурунку версиясы: https://yandex.com/legal/yandexgo_termsofuse/15052023/